Бүгүн, 3-декабрда саат 11:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 92,58 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.
Добуштардын 92 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 16,65%.
 - «Ишеним» — 13,7%.
 - «Ынтымак» — 11,17%.
 - «Альянс» — 7,99%.
 - «Бутун Кыргызстан» — 6,69%.
 - «Ыйман Нуру» — 6,23%.
 
Белгилей кетсек, бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.



