Саат 14:00дө жергиликтүү кеңештерге 674 миң 419 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 3 миллион 318 миң 130 шайлоочу тизмеге киргизилген. 20,33 пайыз шайлоочу добуш берди. Шаардык кеңештерге 200 миң 367 шайлоочу, айылдык кеңештерге 474 миң 52 адам добуш берүүгө катышты.