7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Атылган ок, 10 миллиондон ашык зыян». Жалал-Абаддагы кен казган ишканага ууруга кирген делген дагы бир шектүү кармалды

482

Жалал-Абадда “Розыск” операциясы учурунда алтын карактоого айыпталып, издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

8-ноябрга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында бет кап, кол каптарды кийишкен, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине бастырып киришкен. Алар кендин кароолчулары менен жумушчуларын сабашып, алардын бирөөсүнө карай ок чыгарышып, денесине залал келтиришкен. Кен казган ишкананын бөлмөсүндөгү темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 килограмм 833 грамм алтын металын ачык түрдө тартып алышып, короодо токтоп турган Митсубиси Делика үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашып, жанында токтоп турган Тойота Ленд Крузер Прадо үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Кылмыштуу топ кен казган ишканага жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтиришкен. Бул факты Ала-Бука РИИБге Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.  27-январь күнү бул кылмыш ишине шектелип милиция тарабынан Ала-Бука районунун 30, 27 жана 26 жаштагы 3 тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Кечээ, 16-март күнү Жалал-Абад областынын аймагында “Розыск” операциясы өткөрүлгөн. Операция учурунда Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине айыпталган, кылмыштуу топтун шериктеринин бири, издөөдө жүргөн Ала-Бука районунун 1994-жылы туулган тургуну жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

483