7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садык Шер: Чемпиондорубуз жаңы тууну жамынып чыксын деп тилек кылалы

562

Садык Шер-Нияз: Акыркы кездеги коомчулуктун көңүлүн бурган окуя болду окшойт. Катуу талкууладык, активдүү жарандар, чыгармачыл адамдар, кары жашы дебей баардыгы ушул маселенин тегерегинде өзүлөрүнүн оюн айтышты. ЖКдан Мирлан Самыйкожо иним арыстандай эле алышты окшойт. Ал инимдин дагы аракетин баалайм. Идея үчүн, ишеним үчүн ушинтип салгылашыш керек. Акыркы патрон калганча… Чынын айтсам мен деле эски туубузду жактырчумун.

Эми үч окуудан өтүптүр, мыйзам жактырылыптыр. Ал чечимди өзүбүз шайлаган депуттаттарыбыз чыгарып берди.

Чемпиондор жамынган тууну десек, буйруса олимпиадада алтын алып калсак чемпиондорубуз жаңы тууну жамынып чыксын деп тилек кылалы. Ушул туу менен Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетсин, кыйынчылыгы азайып, сыймыгы көбөйсүн, максаты бийиктеп, мансабы жогоруласын деп бата тилеп олтурам. Кудай буйруп ошондой болуп кетсе анда “туура эле кылыптырбыз” деп калаарбыз. Ылайым ошондой эле болсун. 

Акыры келип бириге турган жерибиз, кармана турган байрагыбыз ушул туу боло тургандан кийин жакшы ой тилектерибиз менен жаңы жылга кирели.

Информация үчүн: Элчилик кызматым аяктап деле калды, экинчи бул кызматка суранышса да барбайм))) Сыйлыктардын деле баарын алып бүткөм, жакынкы арада баары бир беришпейт)))

Болгону бул постту мамлекетчил киши катары ынтымакка чакырып келечекке кадам таштайлы деп жазып жатам.

 

563