7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: 2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет

600

Россиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

«Бул жаңы тик учак өзгөчө кырдаалдар министрлигине сатып алынды. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн эле эмес, мамлекетибизге кандай кырдаалдардарда керек боло турган болсо, ошондой учурларга дагы колдонулат деп турабыз. Маселен, тез жардам үчүн керек болуп калса, тез жардам катары колдонобуз. Бизде бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып, мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот. Чет өлкөдөн келген туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алып, учса болот. Ошондо тик учак өзүн-өзү тез актайт. Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок. Мисалы, өткөндө бир ишкер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып, Чаткалга барып келсе, “ар ким той-топурга учсун деп алдык беле, бул тик учакты?” деп сындап чыккандар болду. Бул жерде тик учакты ижарага алып, төлөгөн акчалар мамлекетке түшүп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Башка жеке компаниялардан жалдап, каражат жеке жактарга түшкөнчө, мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшы эмеспи. Андыктан, биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек. Бирөө-жарымды куткарыш керек болсо, куткаруу иштерине да колдонобуз. Ага да мисал, өткөндө Тажикстан менен окуя болгондо мурдагы алган тик учагыбызды колдонуп, тоо арасында адашып кеткен аскерлерибизди издеп жүрүп, куткарып алдык. Тик учак болбогондо, алар кандай күндү көрүшмөк, ким билет. Эки күн дегенде араң таптык. Тик учактын пайдасынан башка зыяны жок. Мындан сырткары, аскерий тик учактарыбыздын баарын оңдодук. Кудай буюрса, Россиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз»,- деди өлкө башчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601