7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: 2025-жылы “Ала-Арча” паркынын кирешеси 262 млн сомдон ашты

6

“Ала-Арча” жаратылыш паркында заманбап родельбан курулуп жатат. Мындан тышкары, бассейни менен заманбап беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү да мерчемделүүдө. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолду ачуу аземинде билдирди.

Президент жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында “Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси олуттуу өскөнүнө токтолду. Эгерде 2020-жылы парктын кирешеси 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул — киреше дээрлик 9 эсеге өстү дегенди билдирет.

Ал акыркы жылдары бардык мекеме-уюмдар толугу менен санариптештирүүгө өткөрүлгөнүн эске салды. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелерде накталай акча кабыл алынбайт, төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул чечимдер ачык-айкындуулукту камсыздап, адам факторун азайтып, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга бекем негиз түздү.

“Биздин максатыбыз — өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук пайдалануу жана Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу!”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бул багытта Ала-Арчада, Ысык-Көлдө жана дегеле Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап туристтик инфратүзүм түзүү боюнча иштер мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Учурдан пайдаланып, президент бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон бардык өнөктөштөргө, адистерге, куруучуларга ыраазычылык билдирди.

7