7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров адилетсиз соттор тазаланарын билдирди

113

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайында сот тутумунда реформалар жүрүп жатканын билдирди.

Мамлекет башчы соттордун айлыгы бир топ жогорулаганын белгилеп, аларды адилеттүү иштөөгө чакырды.

«Мамлекет өз ишин аткарып, кадамын жасады. Эми сот бийлиги элдин ишенимине татыктуу болууга тийиш. Коррупцияга, жашыруун келишимдерге, кысымдарга орун жок. Сот тармагында иштеген ар бир кызматкердин эсине салгым келет, адилет жана чынчыл кызмат кылгысы келбегендерди сот тутумуна эле эмес, бардык келечектүү иштерге аралашкыс кылып тазалайбыз», — деди Жапаров.

Президент мамлекет мындан ары да сот бийлигин чыңдоону улантарын кошумчалады.

 

114