7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

619

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчинин Ишеним грамотасын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШ менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгилеп, Лесли Вигеринин бай дипломатиялык тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде Элчи Лесли Вигери эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620