7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров алгачкы иш сапары менен Россия Федерациясына кетти

261

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат;

— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;

— Бишкек шаарынын мэринин м. а. Бактыбек Кудайбергенов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

262