7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Алтай жергесинен көрүп келген тоо лыжа базасы Кыргызстанга да куруларын айтты

473

Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келдим. Биз дагы жакын арада Жыргалаң-Ак Булак-Бозучук тоолорун бириктирген ушундай лыжа базасын куруп баштайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Алтай дегенде бир саамга ойлонуп, кыял-чабыты козголбогон кыргыз болбосо керек! Кыргыз эли өзүбүздүн басып өткөн жолубуздун эң бурулуш, чечүүчү учурун Алтай жергеси менен байланыштырабыз. Элдик түшүнүккө караганда, Алтай – кыргыз эли мекендеген, өнүп-өскөн ыйык жерлердин бири, Манас атабыз туулган жер. Окумуштуулардын пикиринде кыргыздардын бир бөлүгү Улуу кыргыз каганаты (9-10-кылымдар) маалында эле Алтай чөлкөмүн туруктуу байырлап калышкан. Бир катар кыргыз урууларына тектеш уруулардын азыркы алтайлыктардын курамында гана болушу биздин Алтай менен жакындыгыбыздын белгиси.

Маселен, мундуз, дөөлөс ж.б. уруулар кыргыздар менен алтайлыктарда гана бар. Кыргыз тилинин көптөгөн түрк тилдеринин ичинен алтай тилине эң жакын болушу да кокустук эмес. Бул туурасында академик Болот Юнусалиев учурунда жетиштүү жүйөлөрдү келтирип, жеткилең түшүндүрүп берген.

Азыр дагы Алтай жергесинде биздин жер-суу аттарындай жерлер, тоолор, аймактар бар экени дагы бир нерседен кабар берип турат.

Демек, кыргыз эли үчүн Алтай жергеси дагы алтын бешиги! Өткөн тарыхы менен байланыштырып турган, рухий дем ыроологон улуу касиетке ээ мекени!

Мына ушул Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” (Кыргызча аты “Миң жүрөк”) лыжа базасын көрүп келдим. Шарттары абдан жакшы. Тейлөө кызматы эң жогорку деңгээлде экен.

Биз дагы Кудай буюрса жакын арада Жыргалаң-Ак Булак-Бозучук тоолорун бириктирген ушундай лыжа базасын куруп баштайбыз. Куруучу компаниялар үчүн февраль айында конкурс өткөрүлөт. Утуп чыккан компания курулушту баштайт. Конкурска катышууга шашылыңыздар», — деп жазган мамлекет башчы.

474