Бүгүн президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде “Кумтөрдүн” алтыны кайда, канчадан сатылып жатат? Уурдалып кетмейи жокпу? деген суроого жооп берди.
“Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат. Андан сырткары бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат.
Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат”,- деп билдирди президент.