Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты.
Мурда окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашкан. 2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имаратты авариялык абалда деп тааныган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу каржыланган.
Инфраструктуранын жаңыланышынын аркасында мектептин долбоордук кубаттуулугу артып, бүгүнкү күндө анда 320 окуучу эки нөөмөт менен билим алат. Эки кабаттуу имаратта кабинеттери бар окуу блоктор, жыйындар залы, класстан тышкаркы иш-чаралар үчүн бөлмөлөр каралган.
Мамлекет башчысы окуу корпусун, ошондой эле балдардын чыгармачылык жана дене тарбиялык өнүгүүсүнө арналган жайларды көрүп чыкты.
Андан соң Президент Садыр Жапаров мектептин педагогикалык жамааты менен баарлашып, билим берүү системасын өнүктүрүү жана мугалимдердин эмгек шарттары боюнча маселелерди талкуулады.
Алар өз кезегинде билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирип, окуу процессин мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштары менен бөлүшүштү.



