7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров архитектор Ласло Месароштун неберелери менен жолугушту

537

Президент Садыр Жапаров 13-февралда Будапешт шаарында (Венгрия) белгилүү скульптор, архитектор жана декоратор Ласло Месароштун неберелери – Золтан, Миклош жана Каталин Янчо менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Ласло Месарош кыска өмүр сүрсө да, азыркы Бишкек шаарынын архитектурасына, жалпы эле скультуралык искусствонун түптөлүшүнө олуттуу салым кошконун айтып, өзүнүн ага болгон урматын билдирди. Ласло Месарош өткөн кылымдын 30-жылдарында Кыргыз ССРине (Фрунзе) эмиграция болуп келген.

Бишкектеги бир катар имараттарды, анын ичинде эски Өкмөт Үйүнүн, темир жол бекетинин жана Улуттук банктын имараттары Ласло Месароштун аты менен байланыштуу. Өкмөт Үйүнүн алдындагы сквер азыр да анын долбоорлогону боюнча сакталып келет.

Ал 1938-жылы репрессияга кабылган. Ошондон кийин анын жубайы Вильма Ковач балдары менен, туугандарынын айтымында, «анын тагдыры жөнүндө бир нерсе билүү үмүтү менен» Фрунзеде калып калышат. Вильма Ковач өзү 1942-жылы жугуштуу оорулар ооруканасына түшүп, андан соң анын изи жоголот. Туугандарына анын каза болгонун айтышкан, бирок чындыгында ал эмне болгонун ушул күнгө чейин алар билбей келишкен. Кызы Марта Месарош Кыргызстандын бийлигине апасы Вильма Ковачтын тагдыры, жашоосу жана өлүмүнүн жагдайлары тууралуу маалыматты издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

538