7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Астанада «Борбор Азия — Италия» Биринчи саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү

176

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Астана шаарында «Борбор Азия — Италия» Биринчи саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Саммиттин темасы «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталды.

Иш-чарага Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Италия менен стратегиялык өнөктөштүктү түзүү, экономикалык жана өндүрүштүк байланыштарды чыңдоо Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгиледи.

«Кыргызстандын Италия менен соода жүгүртүүсү акыркы төрт жылда дээрлик беш эсеге өстү. Ошол эле учурда республиканын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндө Италиянын үлүшү анчалык чоң эмес бойдон калууда.
Биздин италиялык өнөктөштөр менен иштеше турган багыттарыбыз бар деп ойлойм. Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, экономиканы активдүү өнүктүрүүдө», — деди Садыр Жапаров.

Ал италиялык компанияларды гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергетика, жеңил өнөр жай, банк сектору, санариптештирүү жана туризм сыяктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Президент Италия жана Европа бирлигинин өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн транспорт тармагындагы жигердүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргызстан транспорт инфраструктурасын, анын ичинде Чыгыш менен Батышты байланыштырган эл аралык коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Ошентип, 2024-жылдын декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды, бул Азиядан Европага жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн 10 күнгө чейин кыскартат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 8 миллиард АКШ долларын түзөт. Биз Италия менен заманбап логистикалык чынжырларды модернизациялоо, санариптик чечимдерди ишке ашыруу жана натыйжалуу жеткирүү жолдорун түзүү маселелеринде кызматташууга даярбыз», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде гидро жана күн энергетикасы тармагындагы ири долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу үчүн италиялык тажрыйбаны жана технологияларды тартууга кызыкдарлык билдирди.

177