7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

297

Бүгүн, 23-февралда президент Садыр Жапаров Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Жолдош жоокерлер жана сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер! Жолдош генералдар! Согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери!

Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул майрам — жоокерлердин бардык муундарынын ажырагыс байланышын жана аскер салттарын уланткан нагыз элдик майрам.

Элибиз Мекенди коргоочулардын эрдиктерин эс-тутумунда аздектеп сактап келет.

Биз баарыбыз жеңиш кандай кыйынчылык менен келерин жакшы билебиз. Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарына туруштук беришти. Ооган согушунда интернационалдык милдеттерин бийик ар-намыс менен аткарышты. Баткендеги куралдуу кагылышта эрдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү.

Мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоонун өрнөгү катары кызмат кылат, армиянын аброюн жана аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө болот, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин каармандыгына сый-урмат көрсөтүү болуп саналат.

Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты салттарын татыктуу улантып келе жатышат. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүүдө. Алар Кыргыз өлкөсүнүн аскердик коопсуздугун камсыздоо милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарууда.

Урматтуу ардагерлер! Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо, жаш муунду мекенге кызмат кылууга тарбиялоодогу асыл ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамына мындан ары дагы күжүрмөн даярдыкты, кесипкөйлүктүн жана аскердик өнөрдүн өркүндөй беришин каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

298