7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров атасы кытайда төрөлүп, Кыргызстанга 30 жашында келгенин айтты

392

Садыр Жапаров атасы кытайда төрөлүп, Кыргызстанга 30 жашында келгенин айтты. Бул тууралуу «Российская газетага» берген маегинде айтылат.

«2016-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытай тарапка көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин, 30 жашында, 60-жылдары атам ата-бабаларыбызын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп келген аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан, атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыздар жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин өзгөчө белгилегим келет», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

393