7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Азербайжанга барды

490

Президент Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжан Республикасына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Садыр Жапаровду Биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;

— Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

491