7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров баш болгон делегация Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

877

Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан кеткен делегациянын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев жана Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат бар.

Буга чейин, президенттин Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышары маалымдалган.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

878