7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Бир дагы кыргызстандык батирлеп жүрбөшү керек

389

Бир дагы кыргызстандык үйүм жок деп, батирлеп жүрбөшү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.

«Биздин максатыбыз, ар бир кыргызстандыкты үй-жайлуу кылуу. Бир дагы кыргызстандык үй-бүлө үйүм жок деп чет өлкөлөп же батирлеп жүрбөшү керек. Биз ушул максатыбызды жакынкы убактарда толук иш ашырабыз», — деди ал.

Ошондой эле өлкө башчысы жакынкы күндөрдө дагы бир маанилүү турак жай долбоорунун алгачкы этабы ийгиликтүү аягына чыгышы күтүлүп жатканын билдирди.

«Мурдагы №47 колониянын ордуна турак жайдын курулушу башталган. Буюрса, бүрсүгүнү ал жерден дагы миңдеген шаардыктарды турак жай менен камсыздайбыз деп турабыз» , — деп белгиледи президент.

390