7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экен

787

Соттордун азыркы курамдарын талдап көрсөм, көбү өзү туулуп-өскөн аймактарга дайындалып, судьялык кызматты аткарып келе жатышыптыр. Бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экен. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров судьялардын XII курултайында билдирди.

«Урматтуу судьялар!

Жарандардын, ишкердик субъектилердин жана юридикалык жактардын, менчиктин бардык түрлөрүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын натыйжалуу корголушун камсыз кылууга багытталган адилеттүү чечимиңерден мамлекеттин экономикасы жана инвестициялык жагымдуу климат көз каранды.

Соттор абийирдүүлүк менен иш алып барышса, мыйзамдуулукту бекем сакташса укук коргоо органдарынын иши дагы алдыга жылат. Анткени чыныгы сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда сотко чейинки өндүрүштөгү кемчиликтердин бардыгын ачыктоо аркылуу тергөөнүн сапатын кыйла жакшыртса болот. Буга сиздерде толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Керек болсо, Жогорку Соттун мыйзам чыгаруу укугунан пайдаланып, колдонуудагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып берсеңиздер, биз колдоо көрсөтүп беребиз.

Сотторду тандоо процесси сот системасынын ишмердүүлүгүнө таасир этүүчү негизги факторлордун бири болуп саналып, көптөн бери сындалып келген эле. Эми судьялардын жана коомчулуктун талабы боюнча сотторду тандоо процесси өзгөртүлдү.

Мындан ары «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, судьяларды тандоону негизинен судьялар өздөрү жүргүзө алышат.

Бул жерде тандоо механизмдерин жана методикасын кылдаттык менен кайрадан карап чыгып, мында адам факторунун таасирин минималдаштыруу зарыл.

Ал эми сот адилеттигин жүзөгө ашырууга турмуштук тажрыйбасы чоң, моралдык принциптери жогору кесипкөй адамдардын тандалышына шарт түзүп, ошону менен бирге таза эмес, адамгерчилик сапаты төмөн жана кесиптик даярдыгы начар адамдардын сот системасына киришине катуу бөгөт коюлушу абзел.

Бүгүнкү күндө Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгү толугу менен сот системасынын колунда, анткени ким кандай иштеп жатканын өзүңөр жакшы билесиңер. Бирок силерге берилген мүмкүнчүлүктү шалаакы кесиптештериңердин жагымсыз аракеттерин жашырып коюу максатында пайдалануудан оолак болуңуздар. Тескерисинче, судьялардын орой мамилелерине, өзүм билемдик аракеттерине, кесипкөй эместигине, иштерди кароону негизсиз создуктуруу фактыларына, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда процессуалдык жана материалдык укук ченемдеринин атайылап бузулушуна карата жазалоону күчөтүп, ар бир жагымсыз факт боюнча адекваттуу жана адилеттүү чара колдонууга жетишүү керек.

Ал эми жүрүм-туруму мандемдүү, мыйзамга каршы чечимдерди чыгарган ар бир судьяны  даражасына карабай, сөзсүз түрдө тийиштүү жазага тартуунун так механизмдерин иштеп чыгып, судьялык жогорку статуска туура келбегендерден токтоосуз арылуу кажет.

Качан гана сиздер жоопкерчиликти туюп, жоопкерчиликтүү мамиле жасап, тазаланууну системанын ичинен – өзүңөрдөн баштаганда жылыштар болот, ошондо коомчулук дагы калыс баасын берет жана сиздерге ишенет.

Кадрдык потенциал, кесипкөйлүк жогорку деңгээлде болууга тийиш. Ага жараша Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде да олуттуу өзгөрүүлөр болушу керек.

Акыркы жылдары жергиликтүү судьяларды тандоодо аймактык тең салмактуулукка таптакыр көңүл бурулбай калган экен.

Соттордун азыркы курамдарын талдап көрсөм, көбү өзү туулуп-өскөн аймактарга дайындалып, судьялык кызматты аткарып келе жатышыптыр. Анысы аз келгенсип, бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экен.

Мындай мамиле аркылуу сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырабыз деп кантип айта алабыз? Албетте, мындай көрүнүштөр коомчулук тарабынан негиздүү сын-пикирлерди жаратат.

Мындай системаны кечиктирбестен бузуп, ротация жүргүзүү жолу менен жөнгө салышыбыз керек!

Былтыр биз жергиликтүү акимдерди ротация кылдык эле. Кудай буюрса, бул ыкма жакшы жемиштерин бере баштады! Эл-журт дагы ыраазы болуп жатат. Көрсө, жасаса болот экен да, болгону коркпош керек.

Ошону менен бирге соттордун иш менен жүктөлүшүнө терең талдоо жүргүзүлүп, штаттык бирдиктерди карап чыгуу зарыл. Мында сотто каралган иштердин саны тууралуу статистикалык көрсөтүчтөргө эмес, сотко келип түшкөн ар бир ишке, доо арызга, ошондой эле каралган иштердин категориясына жана көлөмүнө көңүл буруу зарыл!

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788