7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту (Сүрөт)

765

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн алдын ала чара көрүү боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин апаратынын басма сөз кызматты билдирди.

Өз кезегинде Наталья Герман БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутеррештин Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, айрыкча, Кыргызстандагы процесстердин өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

Ал кыргыз тарапты эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте аргасыздан чет өлкөдө калган 79 баланы Ирактан кайтаруу боюнча гуманитардык операциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен куттуктады. Анын белгилешинче, БУУ бул тажрыйбаны жогору баалайт жана мындай иштерге жардамын уланта берет.

Мындан сырткары, ал улуттук мыйзамдарды инвентаризациялоого, калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө кызматташууга эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, Кыргызстан менен БУУнун ортосунда адам укуктары боюнча биргелешкен кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Кыргызстан демократиянын, адам укуктарынын принциптерин, ошондой эле өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин аткара турганына дагы бир ирет ишендирип, айтылган бардык маселелер боюнча активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766