7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Быйыл 4600дөн ашык үй-бүлө батир алды

129

Быйыл 4600дөн ашык үй-бүлө батир алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бул көрсөткүч акыркы төрт жылдагы жалпы берилген турак жайлардын жарымын түзөт.

“2021-жылдан бери өлкө боюнча 9250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду. “Менин үйүм” мамлекеттик программасы чыныгы элдик долбоорго айланды десек болот. 2025-жылы турак жайлар курулушун каржылоо 40 млрд сомдон ашты. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп”, — деди Жапаров.

Ошондой эле Садыр Жапаров учурда бардык ацмактарда 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатканын айтты.

“Курулуштун чоң бөлүгү Бишкекте жана Чүй облусунда, ошол эле маалда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустары да мамлекет тарабынан татыктуу колдоого алынып, ипотекалык үйлөр салынып жатат”, — деди ал.

130