7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Дональд Трампты АКШнын президенти болуп шайланышы менен куттуктады 

384

Президент Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

“Улуу мартабалуу, сизди Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышыӊыз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин лидерлик тажрыйбаӊыз жана терең билимиӊиз Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем. Биздин элдерибиздин байгерчилиги жана келечеги үчүн биргелешкен ишибиз менен алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишеним артам.

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз тарабымдан бардык күч-аракетимди жумшай турганымды билдирем. Сизге бекем ден соолук, мамлекеттик ишиңизге албан ийгиликтерди, ал эми Америка Кошмо Штаттарынын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

 

 

385