Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Эл аралык суу-мотор спорту союзунун (Union Internationale Motonautique) президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана союздун колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.
Мамлекет башчысы союздун дүйнөлүк биринчиликти Кыргызстанда өткөрүүгө даярдыгы, айрыкча, акыркы жылдары өлкө спорт, туризм жана ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү жаатында эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатканын эске алганда, маанилүү окуя экенин белгиледи.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда эки аэропорт – Каракол жана Тамчы эл аралык аэропорттору иштеп жатканына токтолду. Экөө тең эл аралык макамга ээ болуп, туристтерди кабыл алууда. Мындан тышкары, көл жээгинде беш жана жети жылдыздуу мейманканалардын курулушу жүрүп жатат.
Өз кезегинде, Раффаэле Чиулли Дүйнөлүк кубок суу-мотор спортунун дүйнөлүк фестивалы экенин белгиледи, анын ичинде эң абройлуу F1H2O классындагы катерлер менен королдук жарыш боюнча дүйнө чемпионаты, ошондой эле аквабайк, мотосерф боюнча көрсөтмө жарыштар жана гидрофлайборд бар.
Ал буга чейин мындай мелдештер Кытайда, Бириккен Араб Эмираттарында, Катарда, Индонезияда, Сауд Аравиясында, Вьетнамда жана башка өлкөлөрдө өткөнүн айтып, суу үстүндөгү жарыштар дүйнөдөгү эң көркөм жана кызыктуу спорт түрлөрүнүн бири экенин белгиледи. Алар дүйнөнүн 86дан ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп, 900 миллиондон ашуун көрүүчүнү камтыйт.
Жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров жана Эл аралык суу-мотор спорту союзунун (UIM) башчысы Раффаэле Чиулли Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлө турган UIM F1H20 суудагы Формула 1 Дүйнө кубогу Ысык-Көлдүн эбегейсиз туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, улуттук брендди эл аралык аренада илгерилетүүнүн натыйжалуу куралы болоруна ишеним билдиришти.



