7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине барып кайтты

997
Садыр Жапаров «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине барып кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев түзгөн «Эл ырчысы Эстебес» тобу, 7-март күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, аялзатынын эл аралык күнүнө карата «Ааламдан кең апа сенин бешигиң» аттуу концертин тартуулашты. Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси КР эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган. Койгон режиссеру КР эл артисти Алтынбек Максүтов.
Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте КР эл артисти Нуржамал Табалдиева, КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүштү. Концертке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева менен келип, сахна чеберлеринин өнөр кечесине күбө болуп кайтты.
998