7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

156

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстанга иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алдында Өкмөттүк резиденцияда саламдашуу аземи жана биргеликте сүрөткө түшүү болуп өттү, андан соң мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр залына жөнөштү. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты. Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, өз ара кызматташтыктын оң динамикасын баса белгиледи.

Эмомали Рахмон ошондой эле өлкөлөр аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып, эл аралык аренада бири-биринин демилгелерин колдоп жатканын канааттануу менен белгиледи. Өз кезегинде Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына жана «Россия + Борбор Азия» экинчи саммитине катышуу үчүн Тажикстанга иш сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана тажик жеринде көрсөтүлгөн салттуу жогорку меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле кыргыз-тажик мамилелери кылымдар бою келе жаткан достук жана коңшулаштык байланыштарга негизделгенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө макулдашышты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

157