7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Германиянын элчиси Габриела Гелилди кабыл алды

504

15-мартта президент Садыр Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриела Гелилди ишеним грамотасын тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болгонун белгиледи. Буга байланыштуу ал Кыргызстан Германияны тышкы саясаттагы маанилүү өнөктөш катары карай турганын ырастады.

Президент отуз жылдык эгемендүүлүк мезгилинде өлкөдө күчтүү жарандык коом түзүлүп, адам укуктары жана негизги эркиндиктери камсыздалып, демократиялык институттар бекемделгенин белгиледи. Садыр Жапаров германиялык тарапка Кыргызстандын демократиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ковидден кийин экономиканы тез арада калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жетишүү үчүн Садыр Жапаров Германиянын элчисине соода-инвестиция, финансы, техника жана климат чөйрөлөрүндө кызматташууну активдештирүүнү сунуштады. Буга байланыштуу Садыр Жапаров германиялык инвестицияларды тартуу механизми катары Герман-кыргыз ишкерлер кеңешинин түзүлүшүн кубаттады.

Өз кезегинде Германиянын элчиси Габриелла Гелил Германия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер эки тарапты кызыктырган көптөгөн чөйрөлөрдө жемиштүү кызматташуу менен ырааттуу бекемделип жатканын белгиледи.

Долбоордук кызматташуунун мыкты мисалы катары дипломат саламаттыкты сактоо тармагындагы биргелешкен иштерди, анын алкагында жакында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы тез жардам бөлүмү ачылып, Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасынын курулушу аяктап жана Талас менен Ош шаарларында перинаталдык борборлор курулуп жатканын белгиледи.

Германиянын дипломатиялык миссиясынын башчысы ошондой эле Германиянын федералдык өкмөтү кыргыз элине демократиялык өнүгүү жана социалдык-экономикалык бакубаттуулукка жетишүү жолунда мындан ары да эки тараптуу негизде жана Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн ырастады. Ошону менен бирге климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча кыргыз бийлигинин аракеттерин долбоордук колдоого өзүнчө көңүл бурулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

505