7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылышына старт берди

681

Президент Садыр Жапаров хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатынын расмий ачылышына старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосундагы масштабдуу иш-чара Бишкекте биринчи жолу өтүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканына өзү эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли кубанып жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров жалпыга белгилүү болгондой спортто күчтүүсү жеңерин белгиледи. Андыктан ал бардык катышуучуларга ийгилик жана күчтүүлөрү жеңишке жетүүсүн каалады.

Мамлекет башчысы курама командалардын капитандары менен учурашып, символикалык түрдө шайбаны оюнга ыргытып, ошону менен чемпионат старт алды.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи “Бишкек-Арена” спорт комплексинин базасында өттү.

Турнирге Кыргыз Республикасынын, Кувейт мамлекетинин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Иран Ислам Республикасынын курама командалары катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682