7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга жөнөп кетти

679

Бүгүн, 3-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Садыр Жапаров кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • КРнын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;
  • Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

680