7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров кайрадан президент болуп шайланган Александр Лукашенкону куттуктады

429

Бүгүн, 27-январда, президент Садыр Жапаров Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, белорус эли өзүнүн лидерине көрсөткөн ишениминин жана колдоосунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн бекемделээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Беларустун Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

430