7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге Алматыдагы өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

587

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“30-ноябрда Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

588