7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

543

Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 6-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров жалпы кыргыз элинин атынан Казакстанда болуп жаткан масштабдуу суу ташкындары тууралуу маалыматты абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.

Президент Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Өкмөтү өлкөнүн аймактарындагы табигый кырсыктарды локалдаштыруу жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрөт деп ишенет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ошондой эле алдыдагы боло турган жогорку жана бийик деңгээлдеги иш-чараларды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Президент Касым-Жомарт Токаевге колдоо сөздөрүн айтып, боордош Казакстан элин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, бул руханий майрам эки өлкөнүн элдерине тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук алып келишин каалады.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев колдоо сөздөрү үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

 

544