7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү

333

Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктады. Ал кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде КЭР Өкмөтүнүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди. 

Өз кезегинде Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктады жана Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

334