7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

528

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

КМШ Мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу «Павловск» музейинде, ал коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды, лидерлер «Царское Село» жана Петергофто болушту.

Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын Президенти Владимир Путин, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Константинов сарайына бет алышты.

Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, Мамлекет башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирди.

529