7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: КМШ өлкөлөрүндө экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү байкалууда

243

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Шериктештиктин мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кеңейтүү боюнча көрүлгөн олуттуу иштерди белгиледи.

Ал ошондой эле Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалды чыңдоого көңүл буруп, бул прогресс негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн жана чөлкөмдүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көрсөтүп турарын баса белгиледи.

«Бул жыйынтыктар жалпысынан интеграциялык механизмдердин жана сооданын жөнөкөйлөтүлгөн режимдеринин натыйжалуулугун көрсөтүп, жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүгө ырааттуу жылышты тастыктайт», — деди Мамлекет башчысы.

Соңунда Садыр Жапаров Түркмөнстанды 2026-жылы КМШга төрагалык кылууну алышы менен куттуктап, Кыргызстандын Шериктештиктин бардык интеграциялык демилгелерине активдүү жана конструктивдүү катышууга болгон туруктуу берилгендигин ырастады.

Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга катышып, анын жыйынтыгында коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү координацияны күчөтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюлду.

 

244