7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кристоф Камп менен жолукту

242

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту.

Уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында этностор аралык мамилелердин жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды. Мамлекет башчысы Кристоф Кампты жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу миссиясында ага ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстандын Министрлер Кабинети социалдык нуктагы ички саясатты ырааттуу ишке ашырып, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коопсуздук тармагындагы реформаларды улантууда.

Бул контекстте ал Жогорку комиссардын Кеңсесине улуттар аралык мамилелер, билим берүү жана жарандык иденттүүлүк чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент ошондой эле көп улуттуу мамлекет катары Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты чыңдоо чараларына көңүл бурдурду. Анын ичинде жакында түзүлгөн Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, ошондой эле Президентке караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган макамы берилген Кыргызстан элинин ассамблеясы да бар.

Өз кезегинде Кристоф Камп Кыргызстандын ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, өлкөдөгү улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты белгилеп өттү.

Жогорку комиссар ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча кол коюлган келишим аймактык туруктуулукка жана мамлекеттер аралык кызматташууга оң белги болгонун баса белгиледи. Ал ошондой эле ЕККУнун өлкөдөгү этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу жаатында жигердүү кызматташууга даяр экенин ырастады.

243