7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кувейттин Эмири дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

581

Президент Садыр Жапаров Кувейт Мамлекетинин Эмири, шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахдын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кувейттин мураскер ханзаадасы Мишаал Аль-Ахмад Аль Джабер Аль Сабахка көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кувейт Мамлекетинин Эмири, шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахдын мезгилсиз дүйнө салгандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Кувейт Мамлекетинин дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.

Шейх Наваф өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукердиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй–бүлөсүнө, жакындарына жана боордош Кувейт элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, — деп айтылат телеграммада.

582