7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи өттү

619

Бүгүн, 20-ноябрда, Токио шаарында президент Садыр Жапаров менен Япониянын премьер-министри Фумио Кисиданын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Япониянын премьер-министринин резиденциясында президент Садыр Жапаровду өкмөт башчысы Фумио Кисида тосуп алды.

Саламдашып, кол алышуу болуп, Кыргызстан менен Япониянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан кийин Фумио Кисида жана Садыр Жапаров тизилген ардактуу кароолдун катарын айланып өтүштү. Лидерлерге эки өлкөнүн расмий делегациялары тааныштырылды.

Салтанаттын соңунда Садыр Жапаров менен премьер-министр Фумио Кисида эки тараптуу сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

620