7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий жолугушту

619

Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

«Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

620