7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкектеги автобустарды оңдоочу тейлөө борборуна күтүүсүз барды

400

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы техникалык кызматкерлердин иштөө шарттары, ошондой эле унааларды каттамга чыгууга даярдоонун жүрүшү менен таанышты.

Кыдыруу учурунда мамлекет башчысы Бишкекте коомдук унаалардын иштөөсү кыйла жакшырганын, жыл сайын муниципалдык автобустардын саны көбөйүп, накталай эмес төлөм тутуму киргизилгенин белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн унаалардын техникалык абалына жана айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

401