7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Виктор Орбан бир катар маанилүү багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

469

Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бүгүн, 14-февралда чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Венгриянын премьер-министринин резиденциясынын –  Будапешт шаарындагы Кармелита сарайынын алдынан мамлекет башчысын Виктор Орбан тосуп алды.

Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүшүп, андан кийин жолугушуу кеңейтилген форматта уланды.

Кыргыз-венгер кызматташтыгынын жогорку деңгээлин ырастап, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин, банк чөйрөсүндө, гидроэнергетикада, жашыл экономикада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жана көп башка маселелерди талкуулашты.

Премьер-министр Виктор Орбан эки элдин тарыхый тамыры бир экендигин баса белгилеп, Кыргызстан — венгерлердин ата-баба конушу экенин белгиледи.

Ал буга чейин түзүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер биргелешкен долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин, аларды ишке ашырууда ал башында турган Венгриянын өкмөтү бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген достук жана бир туугандык мамилелерди баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелеринде болгон потенциалга өзгөчө басым жасап, аны бир нече эсеге көбөйтүү керектиги айтылды.

Садыр Жапаров ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогорулатууга даяр экенин ырастады. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бүгүн башталган Венгер-Кыргыз бизнес-форуму эки өлкөнүн компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө жардам берерине ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды каалаган ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470