7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери менен жолугушту

6

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Каир шаарында Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали менен жолугушту.

Жолугушуунун башында спикер Мисир парламентинин бир жарым кылымдан ашык тарыхы жөнүндө айтып берди.

Тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Мисир Парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали Кыргызстандын Президентинин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы биринчи расмий сапарын жылуу тосуп алып, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун терең урматтоонун белгиси болгон Африка континентине биринчи сапарын Мисирден баштап жасаган чечимин жогору баалады.

Мисир парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу жана көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан менен Мисир элдерин аралык алыс болгонуна карабастан, достук байланыштары жана жалпы руханий баалуулуктар бириктирип тураарын белгиледи.

Президент ошондой эле достук боюнча депутаттык топторун түзүүнү, аны менен катар биргелешкен парламенттик форумдарды жана консультацияларды өткөрүүнү сунуштады.

Ал 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөрүн билдирип, Мисир парламентинин өкүлдөрүн аларга эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Президент Ханафи Али Жебалиге жана анын командасына Парламенттин Өкүлдөр палатасынын депутаттарын алдыдагы шайлоодо ийгилик каалады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук база калыптануунун баштапкы этабында экенин, бирок бүгүн кол коюлган макулдашуулардын негизинде кыргыз-мисир кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга негиз түзүлөрүн белгиледи.

7