7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Мисирдин президенти менен жолукту

203

Бүгүн, 5-ноябрда, Каир шаарындагы «Аль-Иттихадия» Президенттик сарайында президент Садыр Жапаровдун Мисир Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Садыр Жапаровду Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды.

Саламдашуудан кийин ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардактуу кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди.

Андан соң салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий таанышуусу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Салтанат аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.

204