Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышууда. Өлкө башчы өз сөзүндө саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы боюнча да сөз кылды.
«Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Бул жерде — „айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат“ деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин. Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз! Маселен, Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт. Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек деп ойлойм. Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат. Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз»,- деди ал.
Ал мындан тышкары, Билим берүү министрлигине да токтолду.
Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик. Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды. Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик. Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү.
Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт. Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат. Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт (чегерилгени 31 миң 333 сом).
Урматтуу мугалимдер! Кымбаттуу ата-энелер! Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек. Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз! Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт. Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун. Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек! Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз. Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер! Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз. Биздин улутубуздун эртеңки ийгилиги, азыркы мектептерде гана жарала турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80 пайызга өстү. Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин. Биз аларды да унуткан жокпуз. Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык»,- деди өлкө башчы.