7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапар менен Венгрияга барат

484
Президент Садыр Жапаров 12-14-февралда Будапештке (Венгрия) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын Президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Президент Садыр Жапаровдун Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Ласло Кевер жана Премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушуусу да пландалууда.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан башка бул күндөрү Будапештте кыргыз жана венгриялык ири компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өтөт», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485