7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапар менен Японияга барат

580

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин Төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», — деди Муратбек Азымбакиев.

581