7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Россияда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

410

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Ленинград облусунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Жолугушууга келген Беларустун Президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду,  Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди Россиянын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Жолугушуунун башында Россия Президенти Владимир Путин бүгүн Актаудагы авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Владимир Путин Россиянын 2024-жылдагы КМШдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды. Келечекке карата негизги милдеттер аныкталды. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү темасы да козголду. Владимир Путин келгендердин баарын Москвага Жеңиш күнүнө чакырды.

411