7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров россиялык ири бизнес өкүлдөрүн активдүү кызматташууга чакырды

509

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, россиялык ири бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өлкөдөгү келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, активдүү кызматташууга чакырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз өз тармактарында дүйнөлүк лидер болуп эсептелген россиялык алдыңкы компаниялар менен кызматташууга жана алардын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүсүнө абдан кызыкдар экенибизди билдиребиз. Бүгүнкү күндө энергетика, өнөр жай жана инфратүзүм, туризм жана жаңы технологияларды өнүктүрүү маселелери биздин биргелешкен кызматташтыгыбыздын актуалдуу чөйрөсү болуп саналат. Жаңы шарттарда ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырыларына, санариптештирүү жана жаңы технологиялар жаатында кызматташтык алдыга жыларына ишенем», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров өз сөзүндө жеңил өнөр жай тармагында, тигүү-текстиль жаатында биргелешкен, экспорттоого багытталган ишканаларды ачууда, ЕАЭБ жана чет өлкөлөрдүн рыногуна жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында агропродукциялардын соода-логистикалык борборлорун куруу маселелерин алга жылдыруу менен айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү багыттарында чоң потенциал бар экенин белгиледи.

«Жалпысынан кызматташуу мүмкүнчүлүгүнүн потенциалы жогору, өз ара аракеттешүү чөйрөсү ар тараптуу. Өлкөмдүн динамикалуу, стабилдүү жана туруктуу өнүгүшүн жактаган Мамлекет башчысы катары Россиянын ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү ишкер өнөктөш катары кароого үндөйм жана жигердүү кызматташуу менен ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырам. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары, ошондой эле жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жакынкы аралыкта өз ара соода көрсөткүчтөрүнө жана Кыргыз Республикасынын экономикасында россиялык инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшүнө таасир этерине бекем ишенем», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

510