7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Роза Айтматованы 85 жашы менен куттуктады

826

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-мартта, заманыбыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованы телефондук сүйлөшүүдө 85 жаш мааракеси менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Роза Айтматованын мааракеси 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен туш келип, кош майрам болуп жатканын канааттануу менен кошумчалады.

Садыр Жапаров Роза Айтматованын активдүү коомдук ишмердүүлүгүн жана маанилүү социалдык, маданий иш-чараларга катышуусун белгиледи.

Ал анын атасы, көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер  Төрөкул Айтматов жана агасы, дүйнөлүк жазуучу Чынгыз  Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн гезит-журналдардан,  интернет сайттарынан  өзгөчө кызыгуу, берилүү менен окуганын ыраазычылык менен белгиледи.

Мамлекет башчысы  кийинки муундардын залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду таанып-билүүсү үчүн бул эскерүүлөр  зор мааниге ээ экенин айтты.

Садыр Жапаров Роза Айтматовага бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалады.

Мамлекет башчысынын атынан маараке жана майрамга карата белектер берилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827