7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

615

Президент Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат куттуктоо жолдомодо.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго чын ден соолук, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган Түркмөнстан элине бакубаттык жана өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616